КР БШКсы өлкө аймактарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда
17 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын облустарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда.
Окутуунун алкагында шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, участкалык шайлоо комиссияларынын укуктары жана алардын иштөө принциптери түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары, шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча, атап айтканда, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоочу протоколдорду толтуруу жаатында кеңири маалымат берилет.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга шайлоо боюнча тренерлер тартылган.







