Талапкер Э.Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткан жаранга айып пул салынды
17 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-ноябрда № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө маселени карады.
КР БШКнын кароосуна бул маселени шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Instagram социалдык тармагындагы «ukuk_official» тобунда жарыяланган видеоматериалдарга ылайык, Таалай Ашканбаев аттуу колдонуучу № 25 шайлоо округунан талапкер Э.Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы аныкталган.
Т.Ашканбаев Жумушчу топтун жыйынында Э.Сейтказиева Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп турганда мыйзамсыз токтомдорду чыгарганын айтты.
Анын айтымында, ал укук коргоо органдарына чыгарылган токтомдордун мыйзамдуулугун карап берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок чыгарылган токтомдордун мыйзамсыздыгы жөнүндө чечимдер жок.
Жумушчу топ Ашканбаев Таалай Таабалдиевичке карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 47-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Т.Т.Ашканбаевге административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.



