КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:
-№22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.Т. Козукееваны каттады;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Буркановдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Э.М.Абдырахмановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
-№28 шайлоо округу боюнча талапкер Абдымамбетова Мунара Байсымаковнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Ш. Асаналиеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.С.Осконбаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.