КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү
14 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 14-ноябрда Россия Федерациясындагы кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргогон кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин жетекчилери жана жарандык активисттер менен онлайн-жолугушуу өткөрдү.
Талкууга Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск, Челябинск, Тюмень, Пермь, Иркутск, Улан-Удэ, Владивосток, Казань, Краснодар, Воронеж, Нижний Новгород, Сургут, Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Томск, Мурманск, Набережные Челны жана башка шаарларынан 40ка жакын адам катышты.
Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле жаңы киргизилген аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
«Биз өлкө аймагынан тышкары жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз. Алгачкы жолу аралыктан добуш берүү механизми колдонулат. Мекендештерибиз үчүн консулдук каттоого туруунун зарылдыгы жок - tizme.gov.kg сайтынан өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, паспорт же “Түндүк” тиркемеси менен шайлоого келсе жетиштүү», – деп баса белгиледи ал.
Талкуу эки саатка жакын созулуп, ага мекендештер активдүү катышып, чет өлкөдөгү шайлоо комиссиялардын иши, аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, талапкерлер жана алардын программалары, Москвада жана Россиянын башка аймактарында жаңы шайлоо участокторун ачуу мүмкүнчүлүгү, добуш берүү тартиби жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын алдын алуу боюнча суроолорду беришти.
Тынчтык Шайназаров катышуучулардын ар бир суроосуна кенен жана так жооп берип, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жөнөтүлгөн бардык кайрылуулар оперативдүү тартипте караларын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар tizme.gov.kg сайтынан өздөрү тууралуу маалыматтарды текшерип, добуш берүүгө катыша ала турганына ынанышты.
Жолугушуунун аягында Тынчтык Шайназаров кыргызстандык жаран кайда болбосун, ар биринин добушу өлкө үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. КР БШКсы чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда болушунча ыңгайлуу, ачык жана жеткиликтүү шарттарды түзүүнү улантат.
Бүгүнкү күндө чет өлкөдө 100 шайлоо участкасы ачылган, анын 40ы Россия Федерациясында.




