Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузган дагы бир жаранга айып пул салынды

14 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө маселени карады.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиев аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке карата шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы белгиленген.
Жумушчу топтун жыйынында К.А.Ташматова базардан №10 шайлоо округу боюнча талапкер С.Омурзаковдун жолугушуусу тууралуу маалыматты укканын жана WhatsApp топторунда маалымат таратканын түшүндүрдү. Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузганын билген эмес, кийинчерээк ал топтогу аудио билдирүүнү өчүргөн.
Жумушчу топ К.Ташматовага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 27-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына К.Ташматовага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.