Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузган жаранга айып пул салынды

13 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандык жөнүндө маселени карады.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, “Threads” социалдык тармагындагы “Nursultan Bakyt” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы белгилеген.
Жумушчу топ “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Шаршенова Рима Мэлисбековнага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 23-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына “Аирсен” ЖЧКсынын өкүлү Шаршенова Рима Мэлисбековнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.