Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда

12 ноября 2025

30 көп мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда.

Жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.

Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрында башталып, 26-ноябрына чейин уланат.

Жолугушуулар «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөрүлүүдө.

Талапкерлер жолугушууларда шайлоочуларга өз программаларын тааныштырып, берилген суроолорго жооп беришип, баарлашууда.

Бүгүн, 12-ноябрда жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:

Баткен облусу боюнча – Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтү, Айдаркен шаары;

Ош облусу боюнча - Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы (МАБ);

Чоң-Алай районунун Чоң-Алай жана Жекенди айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Жалпак-Таш, Кароол, Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөтү;

Жалал-Абад облусу боюнча – Манас шаары, Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтү, Ала-Бука районунун Ала-Бука жана Балтагулов айыл өкмөтү;

Талас облусу боюнча – Бакай-Ата районунун Бакай-Ата жана Акназаров айыл өкмөтү;

Чүй облусу боюнча - Панфилов районунун Суусамыр айыл өкмөтү, Москва районунун Толок айыл өкмөтү, Сокулук районунун Гавриловка жана Күн-Туу айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Кочкорбаев жана Кен-Булун айыл өкмөтү, Кемин районунун Чым-Коргон жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү;

Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Балбай айыл өкмөтү.

Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору.