КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Аматов Жаныбек Женишбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: А.К. Шамурзаев;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.-А.Т.Абдиевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.Н. Нурдинованы каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Маматалиева Мунара Даниярбековнанын финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: А.Н. Закирова;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыгулова Асель Мисировнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Туратбекованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.А.Оспановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
