Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
14 ноября 2025
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Азыркы учурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты, себеби алардын резервинде саясий партиялардын өкүлдөрү жок жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жок.
Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 17-ноябры саат 12-00үнө чейин тапшыруулары зарыл.
Жарандар, коомдук бирикмелер 2025-жылдын 14-ноябры саат 18-00үнө чейин Бишкек шаардык кеңешке документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча шаардык кеңештин сессиясы шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүлүр берилет.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу;
- макулдук формасы.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резерви тууралуу маалыматты, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол, типтүү форма
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШК нын курамында турган саясый партиялар (Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан караңыз) ал АШК нын резервине документтерди тапшырбайт.
