КР БШКсы Мирлан Нурбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
05 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу № 5 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Нурбаев Мирлан Паязидиновичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
М.Нурбаев шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 30-октябрында БШКга тапшырган.
М.Нурбаевдин документтерин текшерүүдө, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2025-жылдын 3-ноябрындагы жана 2025-жылдын 5-ноябрында кошумча келип түшкөн маалымкаттарына ылайык, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн кошумча текшерүүнүн натыйжасында, 1983-жылы 30-апрелде туулган М.Нурбаев “Араван Зекет” диний кайрымдуулук фондунун директору, “Ас-Сафа” диний кайрымдуулук фондунун өкүлү катары көп жылдан бери жигердүү диний ишмердүүлүк менен алектенгендиги аныкталган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы токтому менен бекитилген № 61-формага жана диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларацияга ылайык, М.Нурбаев өзүн “диний ишмер эмесмин” деп билдирген.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ М.Нурбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыгыкка талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш берген.
2025-жылдын 5-ноябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда М.Нурбаев катышкан. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.
Жумушчу топтун М.Нурбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3,4,8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Нурбаев Мирлан Паязидиновичти № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.








