КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
05 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
- №8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып А.А. Арзиеваны каттады;
- №7 шайлоо округу боюнча талапкер Юсупов Замир Байышовичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Д.Чомоевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Т.У.Калбаеваны каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №4 шайлоо округу боюнча талапкер Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Артыкбай кызы Мединанын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Т.У.Ажимаматовду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү У.Р.Каланходжаеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Абдыкадыр уулу Бектурду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
