КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
04 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Акунова Лиранын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Осмонбековдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.Н. Эркинбаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №15 шайлоо округу боюнча талапкер Эрбаев Алишер Ташбаевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.К.Жолдошовдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна К.Ч. Бердалиевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.С.Бабакуловдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Н.Т.Турдубаевди шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Жумабекова Турдукан Абдыкарыевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү И.М. Дуйшеналиевдин, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.А.Келдибаевдин каттоолорун жокко чыгарып, алардын ордуна Б.С. Дүйшеналиевди шайлоо боюнча, К.С. Жусупбековду каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр кылып каттады;
- №16 шайлоо округу боюнча талапкер Жакышов Русланбек Шергазиевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Базарбаеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.Л.Жаманкулованы каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
