КР БШКсы төрт жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын карады
04 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:
- Тургунбаев Чынгыз Шакирбекович - №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Бостонов Сейтек Бостонович - №23 шайлоо округу боюнча талапкер;
- Рысбаев Талантбек Казыбаевич - №14 шайлоо округу боюнча талапкер;
- Жумабай уулу Бекболсун - №10 шайлоо округу боюнча талапкер.
КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, Ч.Ш. Тургунбаев менен Т.К.Рысбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды.
