КР БШКсы Абдивали уулу Дамирбекти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
02 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №12 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Абдивали уулу Дамирбекти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Д.Абдивали уулу №12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 23-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Абдивали уулу Дамирбекти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 28-октябрындагы тиешелүү маалымкатына ылайык, Д.Абдивали уулу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, депутаттыка көрсөтүүнүн алдында республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган. Д. Абдивали уулу 2022-жылдын 23-октябрынан тартып, 2023-жылдын 23-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жалпысынан 232 күн жүргөн.
Мындан тышкары, 2023-жылдын 23-октябрынан 2024-жылдын 23-октябрына чейин жалпысынан 242 күн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн.
Жумушчу топтун № 12 шайлоо округу боюнча Абдивали уулу Дамирбекти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө 2025-жылдын 2-ноябрындагы сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Абдивали уулу Дамирбекти № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
