КР БШКсы Ильяс Амангазиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

02 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №25 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Амангазиев Ильяс Амангазиевичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
И.Амангазиев №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 22-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Амангазиев Ильяс Амангазиевичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 30-октябрындагы маалымкатына ылайык, 1989-жылы 9-январда туулган И.Амангазиев кримтөбөл Камчы Асанбек менен чогуу түшкөн сүрөтү боюнча маалымат аныкталып, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгында текшерүү үчүн катталып, териштирүү иштерин жүргүзүү максатында тергөө тапшырмасынын негизинде тергөө кызматына чакыртылып, суракка алынган. Сурактын жүрүшүндө И.Амангазиев жогоруда аталган Камчы Асанбек менен чогуу түшкөн сүрөттө өзү экенин тастыктаган.
2025-жылдын 2-ноябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумуна И.Амангазиев тиешелүү түрдө чакырылып, бирок ал отурумга катышуудан баш тарткан.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 2-ноябрындагы № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Амангазиев Ильяс Амангазиевичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык КР БШКсы Амангазиев Ильяс Амангазиевичти № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.