КР БШКсы төрт жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын карады

30 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен :
-№ 23 шайлоо округу боюнча талапкер Омурканова Бурул-Шам Чолпонбековна, БШКга арызын 2025-жылдын 28-октябрында берген;
-№ 5 шайлоо округу боюнча талапкер Каримова Самаргул Шаирбековна, БШКга арызын 2025-жылдын 28-октябрында берген;
-№ 30 шайлоо округу боюнча талапкер Момуналиев Талгарбек, БШКга арызын 2025-жылдын 29-октябрында берген;
-№ 24 шайлоо округу боюнча талапкер Шабданалиева Замира Акиевна, БШКга арызын 2025-жылдын 29-октябрында берген.
КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 27-октябрындагы чечими менен катталган № 5 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн С.Каримованын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.К.Тешебаевдин каттоосун жокко чыгарды.