КР БШКсы Бишкек шаарындагы № 1165 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
29 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-октябрда “Бишкек шаарындагы № 1165 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Ага ылайык, Бишкек шаарындагы № 37 мектептин имаратында жайгашкан № 1165 шайлоо участогунун дареги Белорус көчөсү, 37/1ден Көк-Жар кичи району, № 3 үйгө № 404 МАБдын мурдагы имаратына өзгөртүлдү.
№ 22 округдук шайлоо комиссиясына Октябрь административдик району менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
