КР БШКсы Б.Дүйшеналиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
28 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №14 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Б.Дүйшеналиев №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 9-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 16-октябрындагы маалымкатына ылайык, Б.Дүйшеналиев уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо 2011-жылы тургандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 15-октябрындагы тиешелүү маалымкатына ылайык, Б.Дүйшеналиевдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталды. Тагыраак айтканда, Б.Дүйшеналиев талапкерлигин көрсөтүүнүн алддында 2023-жылдын 11-ноябрынан 2024-жылдын 4-февралына чейин (84 күн), 2024-жылдын 20-апрелинен 8-июнуна чейин (48 күн) жана 2024-жылдын 18-июлунан 4-октябрына чейин (78 күн) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн (210 күн).
2025-жылдын 28-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Б.Дүйшеналиев жана КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери катышып, алар угулду.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-октябрындагы № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Б.Дүйшеналиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө корутундусунун жана КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичти № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
