КР БШКсы 29 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
24 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 24-октябрдагы жыйынында КР Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого 29 эл аралык байкоочуну аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Аккредитацияланган байкоочулардын катарында:
• Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү - 8 адам;
• КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү - 17 адам;
• Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү - 2 адам;
• Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү - 2 адам.
Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.
Маалымдама:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого (2025-жылдын 30-ноябры) байкоо жүргүзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы 47 өлкөнүн шайлоо органдарына, ошондой эле эл аралык уюмдарга - ТМУ, ШКУ, КМШ, Ислам кызматташтык уюму (ИКУ), A-WEB жана ЕККУнун ДИКБ уюмдарына чакырууларды жөнөткөн.
Мындан тышкары, чакыруулар Бишкек шаарында иш алып барган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жөнөтүлгөн: БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, БУУнун Өнүктүрүү программасына, БУУ-Айымдар программасына, ЕККУнун Программалык кеңсесине, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA), Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигине (KOICA), Ханс Зайдел фондуна, Фридрих Эберт фондуна жана Конрад Аденауэр фондуна, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредитацияланган бардык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш тарабынан эл аралык парламенттик бирикмелерге - Европа парламенти, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы, КМШнын Межпарламенттик Ассамблеясы, ТҮРКПА жана ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясы уюмдарына чакыруулар жөнөтүлгөн.
