КР БШК шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган бир катар учурларга байланыштуу чечимдерди кабыл алды

23 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрда шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ сунуштаган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу маселени карады.

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын социалдык баракчаларындагы, айрым жеке жарандардын жарыялоолору жана билдирүүлөрү боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу чечимдер кабыл алынды.

Натыйжада, Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 455-беренелерине жана 451-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:

1. №14 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиев 2025-жылдын 9 жана 12-октябрында өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына мурдагы саясий ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап, саясий-мамлекеттик кызматтагы адамдардын ысымдарын атап, алдыдагы шайлоого жаңыча көз караш менен бара тургандыгын белгилеген, 12-октябрда Токтогул районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айрым кызмат адамдары боюнча чара көрүү, жумуштан бошотуу зарылдыгы тууралуу билдирүү жасап, үгүт мүнөзүндөгү чакырыктарды каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жайгаштырган. Бул аракеттери шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланып, депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Б. Дүйшеналиевге КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 7 500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

2. Баткен облусундагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Гулам Матажиев 2025-жылдын 20-октябрында Facebook социалдык тармагындагы Салтанат Митиеванын жеке баракчасы аркылуу жарыяланган видеодо №2 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Ырысбек Атажановду эл алдында колдоо көрсөтүүгө чакырган. Ал видеокайрылуу талапкерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин үгүт жүргүзүү катары бааланып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Г.Матажиевге 7500 (жети миң беш жүз) сом айып пул салынды.

3. №25 шайлоо округу боюнча депутаттыкка өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Төрөкан Жунусбеков 2025-жылдын 17-октябрында Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндүгү тууралуу билдирүү жарыялап, анда жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамдарынын аты-жөнүн койуп, “хадис” деп диний тематикага шилтеме жасап, мурдагы шайлоолордо колдонулган жасалма үгүт материалдарды жарыялаган. Ошол эле күнү, саат 12:03тө парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга расмий арызын тапшырган. Үгүт мүнөзүндөгү билдирүү менен талапкер катары көрсөтүү күнү дал келгендиктен, бул аракет талапкерди каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин үгүт жүргүзүү катары бааланды. Натыйжада, №25 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Т.Жунусбековго КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 7 500 сом (жети миң беш жүз) өлчөмүндө айып пул салынды.

4. 2025-жылдын 18-октябрында Талас УТРК “Аял ажары” программасы аркылуу №16 Талас шайлоо окуругунан депутаттыкка өз талапкерлигин көрсөткөн Медер Чотоновдун мурдагы кайрымдуулук иштери тууралуу оң мүнөздөгү видеотасманы кайталап чыгарган. Бул материал талапкерди жарнамалап, ачык колдоо катары бааланды. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Талас УТРКга юридикалык жак катары КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салуу чечими кабыл алынды.

КР БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет. Үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамды бузган ар бир учур тиешелүү тартипте каралып, жоопкерчилик чаралары колдонулат.