КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

22 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Каракол, Манас шаардык, Аксы жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ыйгарым укуктары токтотулган депутаттар - Нарын облусу боюнча:

- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты (№3 шайлоо округу, Жерге-Тал - Чолок-Кайың) М.М. Ашырбеков, 2025-жылдын 1-октябрындагы жеке арызынын негизинде.

Ысык-Көл облусу боюнча:

- Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылдык кеңешинин депутаты (№2 шайлоо округу, Тамга) Р.Ж. Рахманова, 2025-жылдын 7-октябрындагы жеке арызынын негизинде;

- Жети-Өгүз районуна караштуу Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты (№3 шайлоо округу, Жаргылчак) Т.Ч. Адигинеев, 2025-жылдын 5-октябрындагы жеке арызынын негизинде;

- Каракол шаардык кеңешинин депутаты («Ыйман Нуру» депутаттык фракциясы) Д.У. Молдоташев, 2025-жылдын 3-сентябрындагы жеке арызынын негизинде.

Жалал-Абад облусу боюнча:

- Манас шаардык кеңешинин депутаттары К.А. Орозбаев («Адилет» депутаттык фракциясы) менен О.Т. Турдубеков (“Адилет” депутаттык фракциясы) 2025-жылдын 17-октябрындагы жеке арыздарынын негизинде.

Ош облусу боюнча:

- Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты (№2 шайлоо округу, Арбын) Р. Абдикарим кызы Рахима (каза болгондугуна байланыштуу);

- Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылдык кеңешинин депутаты (№1 шайлоо округу, Көк-Бел) М.И. Алибаева, 2025-жылдын 10-октябрындагы жеке арызынын негизинде.

Бошогон мандаттар саясий партиялардын тизмесине ылайык төмөнкү талапкерлерге өткөрүлдү:

- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинде У.С. Турсунбаевге («Ыйман Нуру» саясий партиясы);

- Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңешинде К.К. Турдалиевге («Адилет» саясий партиясы) жана И.А. Мурсалиевге («Адилет» саясий партиясы).

Ошондой эле, бошогон мандаттар добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган төмөнкү шайланган депутаттарга берилди:

- Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айылдык кеңешинде (№3 шайлоо округу, Жерге-Тал - Чолок-Кайың) У. Шералы уулуна;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылдык кеңешинде (№2 шайлоо округу, Тамга) Э.М. Мамыткановага;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жаргылчак айылдык кеңешинде (№3 шайлоо округу, Жаргылчак) М.К. Насирдиновага;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Сары-Челек айылдык кеңешинде (№3 шайлоо округу, Авлетим) Н.А. Абдырамановго;

- Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык кеңешинде (№2 шайлоо округу, Арбын) талапкерлердин жоктугуна байланыштуу мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат;

- Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылдык кеңешинде (№1 шайлоо округу, Көк-Бел) М.И. Алибаевага.