КР БШКсы укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окуу семинарларын баштады

21 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы региондордогу укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окуу семинарларын өткөрүүгө киришти.

Семинарлар “Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүүдө укук коргоо органдарынын иш-аракеттери” деген аталышта 2025-жылдын 21-октябрынан 30-октябрына чейин уланат.

Графикке ылайык, семинарлар Баткен шаарында 21-октябрда, Ош шаарында 22-октябрда, Манас, Нарын шаарларында 23-октябрда, Каракол шаарында 24-октябрда, Талас шаарында 27-октябрда, Чүй облусунун Лебединовка айылында 29-октябрда болуп, 30-октябрда Бишкек шаарында жыйынтыкталат.

Окууну Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана БШКнын аппарат кызматкерлери жүргүзүшөт. Катышуучулар - ички иштер органдарынын, прокуратура органдарынын кызматкерлери жана аймактардагы Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун мүчөлөрү.

Семинардын программасынын алкагында төмөнкү темалар каралат:

• 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

• Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун иши;

• шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн (жазык, укуктук) жоопкерчилик;

• шайлоо учурунда добуш сатып алууну жана жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу;

• шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча даттанууларды сотко чейинки кароо жана териштирүү тартиби.

Маалымат үчүн: шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топту түзөт. Топтун негизги милдеттери - шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү, жарандарды кабыл алынган чаралар тууралуу кабардар кылуу. Анын курамына КР БШКнын, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын кызматкерлери, прокуратура, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кирет.

Семинарлардын графики