КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 10 талапкерди каттады
20 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-октябрда өз жыйынында көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
- Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Акимбаева Гульнара Орозбековна № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Сабырбекова Ырыс Сабырбековна № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Матраимов Бакытбек Турдалиевич № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Атамбаев Сеидбек Алмазбекович № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Жунушбаева Рахат Мырзабековна № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Маматалиева Багдадгул Меликозиевна № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Шалтакова Гулбу Чаловна № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Семетей кызы Айзирек № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
