КР БШК парламенттик шайлоону чет өлкөлөрдө уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды №24 округдук шайлоо комиссиясына жүктөдү
09 октября 2025
2025-жылдын 9-октябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн аймагынан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө жөнүндө чечим кабыл алды.
Тактап айтканда, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону чет өлкөлөрдө уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктар №24 округдук шайлоо комиссиясына жүктөлдү (Бишкек шаары, Москва көчөсү, 15).
№24 округдук шайлоо комиссиясына КР Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен биргеликте өлкө сыртында мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштешүү тапшырмасы берилди.
