Үч партия мөөнөтүнөн мурда өтө турган паламенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын билдирди
06 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу учүн өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө томөнкү үч партия расмий билдирди:
* партия «Кырк ууз»
* партия «Легалайз»
* партия «Ынтымак»
Мыйзамга ылайык бул саясий партиялар эми съезд өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди съездде жашыруун добуш менен көрсөтүш керек.
Эске салсак, партия өзүнүн съездинде ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтөт. Съезддин чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт.
Партия өз мүчөсү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жаранын талапкерликке көрсөтө алат. Бирок башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укугу жок.
Тизмени түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш : бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу керек.
