БШК мүчөсү А. Бекматов КРнын Өзбекстандагы Элчилигинде парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык боюнча жыйынга катышты

05 октября 2025

2025-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Ташкент шаарында иш сапар менен болду.

Иш сапардын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинин кызматкерлерине жана Ташкент шаарында жашаган кыргыз жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык, шайлоо мыйзамдарынын талаптары жана шайлоо процессинде колдонулуучу техникалык каражаттар тууралуу кеңири маалымат берүү болду.

Элчиликте өткөн жыйында БШК мүчөсү А. Бекматов чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар үчүн мыйзам алкагында түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди. Ал шайлоо укугун ишке ашыруу ар бир жарандын конституциялык укугу экенин белгилеп, чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын элчиликтери үчүн чоң жоопкерчилик экенин баса белгиледи. БШК бул багытта Тышкы иштер министрлиги менен иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.

Жолугуушуу суроо-жооп форматында болуп, шайлоо системасында колдонуучу техникалык жабдууларды көрсөтүү менен коштолду.