БШК «Ынтымак» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

05 октября 2025

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Ынтымак” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуусу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. 
КР БШК тарабынан төмөнкүлөр катталды:
– Джумашов Нурбек Мэлисович, шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
– Амалканова Айпери Ажыбековна, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.