Талапкерлердин эсине: Шайлоо документтеринин тизмеси жана формалары бекитилди
03 октября 2025
Урматтуу талапкерлер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 26-сентябрында БШКнын №78 токтому менен төмөнкүлөр бекитилгенин маалымдайт:
• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобо;
• Шайлоого катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси жана формалары.
Бекитилген жобого ылайык, документтердин тизмеси жана берилүүчү формалар так аныкталган:
• саясий партиялар,
• өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер.
2-тиркемеде төмөнкүлөр камтылган:
• талапкерлерди каттоо үчүн саясий партиялар тарабынан берилүүчү документтердин тизмеси жана формасы.
3- тиркемеде төмөнкүлөр камтылган:
• өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер тапшыруучу документтердин тизмеси жана формасы.
Бардык талапкерлер документтерди белгиленген талаптарга ылайык жана белгиленген мөөнөттө толтурууга милдеттүү.
Документтердин тизмеси жана формалары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып, көчүрүп алсаңыз болот:
https://shailoo.gov.kg/kg/vybory-noyabr-2025/
Эскертүү:
Шайлоо процессине байланыштуу бардык талаптар мыйзамдын алкагында так сакталышы керек.
