КР БШК «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» банктарын мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору үчүн атайын эсеп ачуучу банктар катары аныктады

03 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышкан талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддору үчүн атайын эсеп ачуу банктары катары ААК «Элдик Банк» менен ААК «Айыл Банкты» аныктады. Бул чечимди БШК бүгүн, 3-октябрда өткөн жыйынында кабыл алды.

Эми аталган банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди.

Жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын башка банктарынын мобилдик тиркемелеринин тизмеси дагы толукталып, бул тууралуу БШК кошумча маалымат берет.

БШК эске салат: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү.

Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер же саясий партия тарабынан БШКнын уруксаты менен ачылат.

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн:

– талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары;

– жарандар жана юридикалык жактар берген ыктыярдуу кайрымдуулук салымдары (тыюу салынган салымдардан тышкары).

Шайлоо фондуна каражаттарды киргизүү талапкердин же саясий партиянын эсептик эсеби аркылуу, банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөм жолу менен же банктын эсеп-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай акча түрүндө жүргүзүлөт.

Анонимдүү салым катары таанылбаш үчүн аныкталбай турган төлөм системалары аркылуу накталай эмес которууга же накталай акча киргизүүгө тыюу салынат.

Шайлоо фонддорундагы каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аларды шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн гана колдонууга болот.

Атайын эсептерди ачуу, шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарды пайдалануу тартиби тууралуу кененирээк маалымат БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg, «НПА БШК / БШКнын жоболору» бөлүмүндө жайгашкан «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарын түзүү, кирешелерди эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндө» жобосунда берилген.