КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушту

01 октября 2025

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Башкы прокуратуранын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Акматалиев, прокурорлор Самат Жунусов жана Абдыразак уулу Абдулхак, ошондой эле КР БШКнын Аппаратынын кызматкерлери катышты.

Жолугушууда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү алкагында БШК менен Башкы прокуратуранын өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Жолугшуунун жүрүшүндө талапкерлерге укуктук бирдей шарт түзүүнү камсыздоо, аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө, шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берүү күнүндө иштей турган ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтордун ишмердүүлүгүндөгү прокуратура органдарынын ролу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Тынчтык Шайназаров КР БШК ачыктыкты, мыйзамдуулукту жана шайлоочулардын укуктарын сактоо маселелерине өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгилеп, Башкы прокуратура менен натыйжалуу биргелешип аракеттенүү жогоруда айтылган милдеттердин негизги бөлүгү экенин айтты.