БШК Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
30 сентября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 30-сентябрда, Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Алай аймактык шайлоо комиссиясы:
- Комиссиянын курамынан Базарбай кызы Н. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) берилген арызынын негизинде чыгарылды.
-Комиссиянын курамына резервден Матиева С.М. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) киргизилди.
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы:
- Комиссиянын курамынан Бакыбекова А., Галова Ж. К. жана Усенова Ж. И. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) берилген арыздарынын негизинде чыгарылды. Комиссиянын курамына резервден Сулайманова Ө. С., Асанбаева А.Ж. жана Мойдунов Б.П. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) киргизилди.
