КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: Тилге болгон мамиле - мекенге болгон мамиле
23 сентября 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров БШК мүчөлөрүнүн жана өзүнүн атынан кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
Кыргыз тили - бул ата-бабалардан калган ыйык мурас, эзелтен эл жүрөгүнөн орун алып, ооздон оозго өтүп, кылымдарды карыткан улуу тил. Ал улуттун уңгусу, дилибиздин добушу, тарыхыбыздын эсте калаар үнү, кыргыз элинин ким экенин дүйнөгө тааныткан баа жеткис байлыгы болуп эсептелет.
Мамлекеттик тил - бул мамлекеттүүлүктүн символу, элибиздин биримдигин чыңдаган, ар бир жарандын аң-сезиминде сыймык менен жашаган улуу дөөлөт. Тилге болгон мамиле, мекенге болгон мамиле. Ошондуктан, кыргыз тилин урматтоо, аны күнүмдүк жашоодо колдонуу жана өнүктүрүү - ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Биз бүгүн эне тилибизди урматтап, эртең анын өсүшүнө салым кошуп, келечек муундарга кыргыз тилин таза, тунук бойдон өткөрүп берүүгө тийишпиз. Бул биздин ата-бабалардын осуятына болгон урмат, мекенибизге болгон сүйүү жана эртеңки кыргыз баласынын тамыры үзүлбөй, улут катары сакталып калуусуна болгон кепилдиги болуп саналат.
Кыргыз тилибиздин улуулугу ар дайым сакталып, өлкөбүздүн келечеги тил менен бирге өсүп-өнүгө берсин деген жакшы тилегимди билдирем!

