КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19 сентября 2025
Бүгүн, 19-сентябрда КР БШКсы Базар-Коргон, Сузак, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү, ошондой эле Сузак районунун жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты М.Н.Шариповдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты З.Б. Юсуповго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди.
Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Б.С. Абыловдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Т.А. Масировго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди.
Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты С.А. Тохтасиновдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Х.М. Мамануровго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди.
Сузак айылдык кеңешинин депутаты Г.Р. Юлдашеванын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.М. Марипжановго берилди.
Кадамжай районунун, Майдан айылдык кеңешинин депутаты Р.П. Кудайкуловдун ыйгарым укуктары берилген өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты М.А. Тагаевге берилди.
Сузак айылдык кенешинен талапкерлердин тизмесинен чыгарылгандар:
А.Т. Юлдашева, Х. Сатвалдиева.
