КР БШК Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №1168 шайлоо тилкесинин дарегин өзгөрттү

10 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2025-жылдын 10-сентябрындагы жыйынында №1168 шайлоо тилкесинин дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №1168 шайлоо тилкесинин дареги Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, 2а дарегинде жайгашкан №18 кесиптик лицейинин имаратынан Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү, №3 дарегинде жайгашкан №93 кесиптик лицейинин имаратына өзгөртүлдү.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы №41 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо тилкелеринин схемалары жана чек аралары менен иш алып баруунун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, жана Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Октябрь аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо тилкесинин дарегинин өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.