Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

31 августа 2025

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Эгемендүүлүк — бул элибиздин жүрөгүндөгү эң ыйык түшүнүк, кымбат баалуулук жана муундан-муунга өтүп келген ата-бабаларыбыздын кылымдар бою күрөшүп, мээнет менен мурас кылып калтырган көз карандысыз Кыргызстандын туусу желбиреген улуу күн.

Мына ошол эгемендигибиздин эн белгиси болгон кызыл байрагыбыз келечек муун алдындагы милдеттерибизди ар дайым эскертип, көөдөнүбүзгө дем-күч берип келет.

Кыргыз эли — меймандос, кең пейил, кайратман жана ынтымактуу эл. Биз ушул касиетибиз менен дүйнөгө таанылып, бабалардын акылмандыгы менен жаратылган салт-санааны, руханий мурастарды сактап, мамлекетибиздин келечегине өбөлгө түзүп келебиз.

Жаркырап турган Ала-Тообузду, жаратылышыбыздын ажайып кооздугун ыйык сактап, бүтүндөй элибиздин меймандос мүнөзүн жоготпой, улуу муундан калган ушул баалуулуктардын баркына жетип, ынтымактуу, бактылуу жашоону биргеликте кура берели.

Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей сактап, кубаттуу өлкөгө айланалы.

Жаратканыбыз Кыргызстаныбызды бакубат кылсын, тынчтыкта сактап, берекесин берсин. Ар бир үйдө ынтымак, ырыскы жайнап, зоболобуз көтөрүлсүн.

Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар куттуу болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамааты.