КР БШКнын ченемдик актылары жаңыланууда

29 августа 2025

2025-жылдын 29-августунда КР БШКнын шайлоо чөйрөсүндөгү ички ченемдик укуктук актылардын ортосундагы боштуктарды, карама-каршылыктарды жана шайкеш эместиктерди жоюу максатында, КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, ошондой эле шайлоо маселелерине байланыштуу кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, КР БШКнын ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгуу иштери улантылды.

Комиссия мүчөлөрү ченемдик укуктук актыларды жаңылоо, укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук кызыкчылыктарын эске алуу менен шайлоо чөйрөсүндөгү жаңы багыттарды талдап, алар боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштоо маселесин талкуулашты.

Жыйында үч токтом долбоору каралды, алардын ичинде:

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” жобо
  2. “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” жобо
  3. “Жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө” жобо

Жыйындын жүрүшүндө берилген сунуштар эске алынып, тиешелүү токтом долбоорлору Комиссия тарабынан бир добуштан жактырылды.