Эсептөө палатасынын КР БШКнын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичиндеги бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыктары тууралуу маалыматына түшүндүрмө

25 августа 2025

2023–2024-жылдар үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасынын аудит жыйынтыктары боюнча жарыялаган маалыматтарына байланыштуу КР БШК төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн жалпы сумма — 8 млн 289,7 миң сом — бул уурдоо же каражаттарды кыянаттык менен пайдалануу эмес. Көрсөтүлгөн мүчүлүштүктөр негизинен техникалык жана бухгалтердик мүнөздө болуп, көпчүлүк бөлүгү азыркы учурда жоюлган же такталуу процессинде турат. Мамлекетке зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Ашыкча төлөнгөн 1 млн 164 миң сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрү кайра мамлекеттин кирешесине кайтарылган. 271,6 миң сомдук мүлктүн эсеби боюнча эскертүүлөр жоюлуп, тиешелүү объекттер баланска киргизилген.

Сумманын эң чоң бөлүгү — 6 млн 854 миң сом — шайлоо учурунда кызматкерлерге төлөнгөн ашыкча иштөө үчүн акылар жана командировкалык чыгымдарды эсепке алуу тартибине байланыштуу. Белгилей кетсек, 2023-2024-жылдары КР БШК 10 (он) пландан тышкаркы шайлоо кампаниясын өткөрдү – КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосу.

Бардык төлөмдөр Эмгек кодексине жана бекитилген чыгым сметасына ылайык жүргүзүлгөн. Эл аралык сапарларга кеткен чыгымдардын олуттуу бөлүгүн кабыл алуучу тарап жапкан, ал эми суткалык төлөмдөр милдеттүү жана Министрлер Кабинетинин № 471 токтому менен бекитилген.

Ошондой эле, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун отчетунда 1 млн 507 миң сомдук эки кызматтык унаа көрсөтүлбөй калган. Аудит жүрүп жатканда бул кемчилик оңдолуп, автоунаалар эсепке алынган.

КР БШК Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын урматтайт жана бардык маселелер боюнча кызматташууга даяр. Ошол эле учурда бир катар корутундулар боюнча мыйзамдарды чечмелөөдө принципиалдуу айырмачылыктар бар. Комиссия белгиленген тартипте өз позициясын коргоого ниеттенүүдө.

КР БШК  мамлекетке эч кандай зыян келтирилбегенин, каражатты уурдоо жана мыйзамсыз сарптоо фактылары аныкталбаганын ырастайт.  Комиссия көзөмөлдөө органдары, жарандык коом жана ЖМК менен ачык кызматташууга даяр.