КР БШКнын төрагасынын Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуусу болуп өттү

23 августа 2025

   

2025-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Түштүк Корея Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түштүк Корея Республикасында убактылуу жана туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр  тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоо процесстерине катышуусу, ошондой эле шайлоолордун ачыктыгын, айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында жарандардын добуш берүү процессин жеңилдетүү максатында жаңы шайлоо жабдуулары көрсөтүлүп, добуш берүү тартиби демонстрацияланды. Бул жарандарга шайлоо процесси тууралуу кеңири жана практикалык түшүнүк алууга шарт түздү.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда жарандар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышып, чет өлкөдө шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдиришти.

Өз кезегинде КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаиловага жана элчиликтин кызматкерлерине мындай маанилүү жолугушууну уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын шайлоо процесстерине толук кандуу катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча иштерди мындан ары да улантат.