КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
20 августа 2025
2025-жылдын 20-августунда КР БШКсы Ак-Суу, Кадамжай, Ысык-Ата жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Ысык-Көл облусу:
• Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты З.Р.Хандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Д.Амазовичке берилди.
Баткен облусу:
• Кадамжай районунун Бирлик айылдык кеңешинин депутаты К.Э.Кожоярованын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Э.Таджиевге берилди.
Чүй облусу:
• Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылдык кеңешинин депутаты П.Д.Емцевдин ыйгарым укуктары берилген өлүмү тууралуу күбөлүктүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Ж.К.Мамбетовага берилди.
Талас облусу:
• Талас районунун Каракол айылдык кеңешинин депутаты М.Н.Жолдошевдин ыйгарым укуктары берилген өлүму тууралуу күбөлүктүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты М.А.Кенжегуловго берилди.
