БШК Бишкек жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

15 августа 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Бишкек жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы:

  • Комиссиянын курамынан Жайнакова Б.Ж (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) — берилген арызынын негизинде чыгарылды.
  • Комиссиянын курамына резервден Айыпова С.А (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) киргизилди.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясы:

  • Комиссиянын курамынан Таалайбекова А.Т жана Ажыбек кызы А (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) — берилген арыздарынын негизинде чыгарылды.
  • Комиссиянын курамына резервден Кутманова Ф.А жана Масалбекова Р.М (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) киргизилди.