БШК жана банктар шайлоо мезгилинде мобилдик тиркемелерди жана электрондук төлөм системаларын колдонуу маселесин талкуулашты
13 августа 2025
2025-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйындар залында “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК өкүлдөрү менен жыйын болуп өттү.
Жыйынга КР БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева, БШК мүчөсү Бахадыр Конуров, БШКнын аппарат кызматкерлери жана банк мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын катышуучуларына Бахадыр Конуров шайлоону каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселелеринде БШК менен банк секторунун конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү маанилүү экенин белгиледи.
Талкууда мыйзам талаптарынын алкагында талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу үчүн банктык мобилдик тиркемелерин жана башка электрондук төлөм кызматтарын колдонуу, ошондой эле алардын добуштарды сатып алуу үчүн пайдаланылышына жол бербөө маселелери талкууланды.
Ошону менен бирге 2025-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Бул өзгөртүүлөр жарандарга шайлоо фонддоруна «Элдик Банк» сунуштаган ELDIK жана «Айыл Банк» сунуштаган АБанк мобилдик тиркемелери аркылуу каражат которууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- мобилдик тиркемелер жана банктар аралык каналдар аркылуу каражат которууда ыктыярдуу кайрымдуулуктардын өздүгүн аныктоо механизмдери;
- анонимдүү же ким тарабынан жөнөтүлгөнү белгисиз каражаттардын келип түшүү тобокелчилиги;
- милдеттүү маалыматтар жок болсо, которууларды бөгөттөө боюнча техникалык чечимдер;
- талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн жана сарпталган каражаттардын чегин көзөмөлдөө;
- шайлоо алдындагы мезгилде шектүү жапырт которууларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү;
- укук колдонуунун практикалык маселелери, анын ичинде атайын эсептерди ачуу жана жабуу мөөнөттөрү, төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору (ТЖМК) коддорунун тууралыгы жана мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуулар.
КР БШК “Каржылык ачыктык” автоматташтырылган маалыматтык тутуму талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттар жана чыгашалар тууралуу маалыматты онлайн режимде жарыялап жатканын, бул 2020-жылы башталган “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алмашуунун жана банктар менен кызматташуунун аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи.
Жыйындын соңунда тараптар шайлоо каржылоосунун ачыктыгын камсыздоого багытталган процедураларды жана инструменттерди мындан ары да биргеликте өркүндөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.














