Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
13 августа 2025
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Азыркы учурда 56 аймактык шайлоо комиссиясынын ичинен 29 аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты, себеби алардын резервинде саясий партиялардын өкүлдөрү жок жана 32 аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жок (тизме тиркелет).
Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (шаардык жана айылдык кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 29-августунун саат 18-00үнө чейин тапшыруулары зарыл.
Жарандар, коомдук бирикмелер 2025-жылдын 29-августунун саат 18-00үнө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке (шаардык, айылдык) документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүлүр берилет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу;
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары жана резерви тууралуу маалыматты, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШК нын курамында турган саясый партиялар (Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан караңыз) ал АШК нын резервине документтерди тапшырбайт.
Тиркеме
|
Саясий партиялардан резерге:
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан резервге: |
|
1. Бишкек АШК; 2. Ош АШК; |
1. Бишкек АШК; 2. Ош АШК; |
|
Баткен облусу 1. Сүлүкта АШК; 2. Кадамжай АШК; 3. Лейлек АШК; |
Баткен облусу 1.Кадамжай АШК;
|
|
Жалал-Абад облусу 1. Майлуу-Суу АШК; 2. Тогуз-Торо АШК; 3. Кара-Көл АШК; 4. Базар-Коргон АШК; 5.Ала-Бука АШК; 6.Ноокен АШК; 7.Чаткал АШК; 8.Сузак АШК; |
Жалал-Абад облусу 1. Жалал-Абад АШК; 2. Ноокен АШК; 3. Базар-Коргон АШК; 4. Таш-Көмүр АШК; 5. Аксы АШК; 6. Ала-Бука АШК; 7. Чаткал АШК; 8. Тогуз-Торо АШК. |
|
Ысык-Көл облусу 1. Жети-Өгүз АШК; 2.Ысык-Көл АШК; 3.Каракол АШК; 4.Түп АШК; 5.Ак-Суу АШК; |
Ысык-Көл облусу 1. Каракол АШК; 2. Ысык-Көл АШК; 3. Ак-Суу АШК; 4. Жети-Өгүз АШК. 5. Тоң АШК; 6. Түп АШК. |
|
Нарын облусу 1.Нарын шаардык АШК; 2.Нарын АШК; |
Нарын облусу 1.Нарын шаардык АШК; 2. Жумкал АШК; 3. Ак-Талаа АШК. |
|
Ош облусу 1.Алай АШК; 2.Араван АШК; 3.Кара-Кулжа АШК; 4. Өзгөн АШК; 5.Чоң-Алай АШК; |
Ош облусу 1. Өзгөн АШК; 2. Ноокат АШК.
|
|
Талас облусу 1.Айтматов АШК; 2.Манас АШК; |
Талас облусу 1.Талас шаардык АШК; 2. Талас АШК; 3. Бакай-Ата АШК. |
|
Чүй облусу 1.Жайыл АШК; 2.Москва АШК; |
Чүй облусу 1.Москва АШК; 2.Панфилов АШК; 3. Аламудун АШК; 4. Жайыл АШК; 5. Ысык-Ата АШК; 6. Чүй АШК; 7. Сокулук АШК; 8. Кант АШК. |
