56 аймактык шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
05 августа 2025
Аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
"Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.
Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүүчү субъекттер саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) болуп саналат. Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 26-августунун саат 18:00гө чейин тапшырышат.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди 2025-жылдын 26-августунун саат 18.00гө чейин тапшырышы зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз ѳткѳрүлүп берилет.
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталуучу документтердин тизмеги
участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралуу милдеттенме;
- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу
Маалымат алуу үчүн телефон: 0(312) 660116
Эскертүү: "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
