КР БШК Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунун жаңы схемаларын жана чек араларын бекитти
01 августа 2025
2025-жылдын 1-августунда КР БШК Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участокторунун жаңы схемаларын жана чек араларын бекитти.
Бул чечим Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштарынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын талаптарына ылайык кабыл алынды: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзам жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө жобо.
Мыйзамга ылайык, шайлоо участоктору 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ар бир участокко, негизинен 3000ден ашпаган шайлоочу туура келиши керек. Бирок, калктын санынын өсүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 66 шайлоо участогунда бул көрсөткүч ашкан.
Шайлоо тутумун оптималдаштыруу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунун жалпы саны 268ден 297ге чейин көбөйтүлдү.
102 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары өзгөртүлдү:
Ленин району боюнча — 41 шайлоо участогу
Октябрь району боюнча — 21 шайлоо участогу
Биринчи май району боюнча — 22 шайлоо участогу
Свердлов району боюнча — 18 шайлоо участогу
Жалпысынан 29 жаңы шайлоо участогу түзүлдү:
Ленин районунда — 12 участок
Октябрь району — 10 участок
Биринчи май району — 5 участок
Свердлов району — 2 участок
Жаңы схемалар Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иштелип чыгып, аймактык жактан ыңгайлуулугу жана шайлоочулар үчүн жеткиликтүүлүгү эске алынып түзүлгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо инфраструктурасын өркүндөтүү иштерин улантып, жарандардын шайлоого катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштерди улантууда.
Бүгүнкү күндө жалпы 56 аймактык шайлоо комиссиясынын 2493 шайлоо участогунун схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча чечимдери каралды.




