КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

28 июля 2025

2025-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен айрым катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.

Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:

Ош облусу:

Ош шаардык кеңешинин депутаттары Канат уулу Улан жана М.А.Обозов (“Милдет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары тиешелүүлүгүнө жараша Н.Т.Туратбековго жана Д.Э.Наватовго өткөрүлүп берилди;

Жалал-Абад облусу:

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Р.А.Колдаровдун (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Ж.К.Кожомкуловго өткөрүлдү;

Баткен облусу:

Кадамжай районунун, Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты З.М.Исакова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты К.И.Полотовага өткөрүлдү.

А. Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Э.И.Аскарова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Шарабидин уулу Русланбекке өткөрүлдү.

Талас облусу:

Айтматов районунун, Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты У.М.Нуралиев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Б.Э.Качиевге өткөрүлдү.

Нарын облусу:

Чаек айылдык кеңешинин депутаты Э.К.Мамбетова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Э.Д.Көчөровага өткөрүлдү;

Учкун айылдык кеңешинин депутаты Б.А.Кайыпов ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Орозкожо уулу Акайга өткөрүлдү.

Ысык-Көл облусу:

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Н.А.Орузбаев (“Улуу Кыргызстан” партиясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты И.Р.Ногойбаевге өткөрүлдү;

Жети-Өгүз районунун, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Б.К.Искендеров ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Б.С.Шаймолдоевге өткөрүлдү.

Чүй облусу:

Чүй айылдык кеңешинин депутаты А.А.Изаков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Г.Ш. Сулаймановага өткөрүлдү;