КР БШКда шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берилди

11 июня 2025

2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берилди.

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров мыйзамга киргизилген негизги өзгөртүүлөр жана алардын максаттары тууралуу кеңири маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Төрага белгилегендей, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын шайлоого болгон ишенимин жогорулатуу, шайлоочулардын шайлоо укуктарын  ишке ашырууда ыңгайлуу шарттарды түзүү  жана учурдагы шайлоо тутумундагы кемчиликтерди жоюу болуп саналат.

Бул өзгөртүүлөр шайлоо процесси боюнча коомдук ишенимди күчөтүп, жарандардын жигердүү катышуусуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле демократиялык принциптерди бекемдөөгө жана шайлоолордун мыйзамдуулугун камсыз кылууга багытталган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча коомчулук менен ачык иш алып барып, ар бир жаранды жаңыланган шайлоо процесси тууралуу толук маалымат алууга жана шайлоо укугун активдүү пайдаланууга чакырат. Мындан ары да бул багытта иштер улантылат.