БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды өткөрүп берүү боюнча АШКлардын чечимдерин бекитти

05 июня 2025

2025-жылдын 5-июнунда өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Панфилов, Жайыл, Баткен, Лейлек, Кочкор жана Ак-Суу райондорунун аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон депутаттык мандаттарды тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдерди бекитти.

Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

  • Ашкеев Урмат Муктарович, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты (Панфилов району, «Эл Аман» саясий партиясы) — жеке арызынын негизинде;
  • Омуржанова Аида Осмонбековна, Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты (Жайыл району, №3 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде;
  • Маматисак уулу Бекмурза, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты (Баткен району, №1 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде;
  • Жусупалиев Даниярбек Алимович, Кулунду айылдык кеңешинин депутаты (Лейлек району, №5 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде;
  • Жапарова Гүлзат Кеңешбековна, Ормон-Хан айылдык кеңешинин депутаты (Кочкор району, №4 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде;
  • Курумшиева Умут Абдыкадыровна, Каракол айылдык кеңешинин депутаты (Ак-Суу району, №4 шайлоо округу) — жеке арызынын негизинде.

Бошогон мандаттар төмөнкү талапкерлерге өткөрүлүп берилди:

  • Бейшекеев Талантбек Дүйшөнбекович, «Эл Аман» саясий партиясынан, учурда иштебейт — Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешине депутат болуп шайланды;
  • Камчыбекова Торокан, учурда иштебейт — Жайыл районунун №3 шайлоо округу боюнча Ак-Башат айылдык кеңешине депутат болуп шайланды;
  • Камчибеков Сулайман Токтоматович, жеке ишкер — Баткен районунун №1 шайлоо округу боюнча Алтын-Бешик айылдык кеңешине депутат болуп таанылды;
  • Патта уулу Нурмамат, №31 кесиптик лицейдин мугалими — Лейлек районунун №5 шайлоо округу боюнча Кулунду айылдык кеңешине депутат болуп таанылды;
  • Жакыпова Венера Карыпбековна, К. Кыдыралиев атындагы орто мектептин мугалими — Кочкор районунун №4 шайлоо округу боюнча Ормон-Хан айылдык кеңешине депутат болуп шайланды;
  • Смагул уулу Кубанычбек, учурда иштебейт — Ак-Суу районунун №4 шайлоо округу боюнча Каракол айылдык кеңешине депутат болуп шайланды.