КР БШКнын төрагасынын орун басары Н. Койчукеев шайлоо органдарынын кесипкөйлүгү боюнча Эл аралык тегерек столго катышты
29 мая 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 29-майында, Гатчина мамлекеттик университетинде «Шайлоо жана референдум институттарына шайлоочулардын ишенимин калыптандыруучу фактор катары шайлоо органдарынын кесипкөйлүгү» темасында Эл аралык тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, саясий партиялар, эксперттик жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрага орун басары Нурлан Койчукеев видеоконференция форматында баяндама менен чыгып сүйлөдү. Ал шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн кесиптик квалификациясын тынымсыз жогорулатып туруу маанилүүлүгүн белгилеп, жарандардын ишеними түздөн-түз шайлоо процессинин кесипкөйлүгүнө жана ачыктыгына байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өз сөзүндө Нурлан Койчукеев шайлоо комиссиялары – Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылган коллегиалдуу орган экенин баса белгиледи. Алардын ишмердүүлүгү шайлоо процессинин демократиялуулугун камсыздоого, мыйзамдардын жана шайлоочулардын укуктарынын сакталышына багытталганын айтты.
Тегерек столдун уюштуруучулары болуп төмөнкүлөр катышты: КМШ ПААга мүчө мамлекеттеринин демократиянын, парламентаризмдин жана жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышын өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институту (КМШ ПАА); КМШ мамлекеттеринин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңеши; Ленинград облусунун шайлоо комиссиясы; Санкт-Петербургдун шайлоо комиссиясы; Ленинград облусунун «Гатчина мамлекеттик университети» мамлекеттик жогорку билим берүү мекемеси.




