Парламенттик угуунун катышуучулары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун талкуулашты

04 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Джайлообай Нышанов.

Мыйзам долбоору көп мандаттуу шайлоо системасын киргизүүнү карайт, анын алкагында 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Ар бир округдан Жогорку Кеңештин үч депутаты шайланат (гендердик квота сакталат). Саясий партиялар ар бир округдан бир талапкер көрсөтүүгө укуктуу болушат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар сунуштарды киргизүү менен конституциялык мыйзам долбоорун колдойт.

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, шайлоонун уюштурулушун оптималдаштыруу жана чыгымдарды азайтуу үчүн техникалык өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү зарылдыгын белгиледи.