КР БШК аймактык шайлоо комиссиялары үчүн участкалык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча онлайн окутуу өткөрдү

11 марта 2025

2025-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагалары үчүн участкалык шайлоо комиссияларын (УШК) түзүү боюнча онлайн окутуу өткөрдү. Окутууга республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары катышты.

Окутуунун алкагында төмөнкү негизги аспектилер каралды:

• Шайлоо комиссияларынын системасы;

• Шайлоо комиссияларынын ишинин укуктук негиздери;

• Алардын ишинин негизги принциптери жана кепилдиктери;

Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү тартиби;

Участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары.

Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, анын жарымы саясий партиялар тарабынан, калганы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт. Ошондой эле, ушул эле Мыйзамдын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларын түзүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоочу субъекттер болуп саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештер саналат.

Бирок, ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүдөй участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү боло албайт:

• Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;

• Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

• Соттор, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары;

Талапкерлер, алардын өкүлдөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү;

• Башка мамлекеттердин жарандары;

• Кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбаган жарандар;

• Башка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;

• Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен терс негиздер менен эрте бошотулган адамдар.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесси боюнча ишти өнүктүрүү, шайлоо комиссияларынын даярдыгын жогорулатуу жана шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.